Кыргызстанда быйыл мүлкүн камсыздандыргандардын саны дээрлик эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

1-октябрга карата өлкөдө иш алып барган 14 камсыздандыруу компаниясы менен 177 миң келишим түзүлгөн. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 1,7 эсеге көп. Анын 87 пайызы жеке тараптар экени белгиленди.

Ал эми камсыздандыруу компанияларынын кирешеси үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 1,3 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,3 эсеге өскөн.

Ошол эле учурда аталган компаниялардын чыгымы бир миллиард сомду түзгөн.

Жылдын башынан тарта 6 миңден ашык камсыздандыруу учурлары катталган. Зыяндын ордун толтурууга жумшалган каражаттын 48 пайызы мүлктөргө жана 28 пайызы жеке медициналык камсыздандырууга берилген.