“Ала-Тоо 24” каналынын “Маек” рубрикасында БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоонун даярдыктары, өзгөчөлүктөрү, мыйзам бузуулар тууралуу айтып берген.

Ноябрдын ортосуна чейин Борбордук шайлоо комиссиясына 78ден ашык арыздар келип түштү. Көпчүлүк арыздар шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аракеттер, 26 арыз админресурсту пайдалануу, үгүт иштерин бузуу, туура эмес жүргүзүп жаткан үгүт боюнча арыздар, ошондой эле жеке шайлоо укугумду бузуп жатасыңар деп кайрылгандар да бар. Кээ бир партияларды, айрым талапкерлерди шайлоодон четтеткиле деген да арыздар болду. Алардын бардыгын өз убагында карап тиешелүү чечимдерди кабыл алып жатабыз.

Арыздарга БШК 5 күн аралыгында жооп берет. Кээде башкача жагдайлар болуп калса, укук коргоо органдарына тапшырма беребиз. Кээ бир учурларда оозеки эскертүү берилет. Азыркы учурда 8 талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилди. Бул эмнени билдирет? Эгер талапкерлер эки жолу ушундай эскертүү алышса, алар шайлоого катышуудан четтетилет. 8 эскертүү алган талапкерлердин 7 бир мандаттуу округдардан, ал эми партиялык тизме менен бараткан талапкерге айып салынды. Партиялардын үстүнөн да арыздар түшүп жатат, алар ар кандай деңгээлде сот карап жатканы, сотко чейинки өндүрүштө каралып жатканы бар.

Президент Садыр Жапаров да атайын кайрылып, добушун саткандар да, сатып алгандар да катуу жазалана тургандыгын эскертип жатат.

Социалдык тармактарда да мыйзам бузуулар болсо же катталса, бардык жарандар Боршайкомдун баракчасын же анын мүчөлөрүнүн расмий баракчаларын белгилеп  жатышат. Ыкчам аракет кылуучу жумушчу тобуна да кайрылгандар, арыз жазгандар бир топ. Боршайкомдун WhatsApp топторуна да салып жатышат. Азыркы эреже боюнча мектептерде, анын тегерегинен жүз метрге чейинки жерде үгүт иштерин жүргүзгөнгө болбойт эмеспи, ушундай маалыматтарды да көп берип жатышат. Негизи жарандарыбыздын бул багытта активдүүлүгү жакшы.

Ал эми журналисттер былтыркыга караганда быйылкы үгүт иштери тынч өтүп жатат дешүүдө. Бул шайлоо боюнча жаңы эрежелерге байланыштуу. Азыр муниципалдык кызматкерлер, үй башчылары, квартал башчылары үгүт иштерине аралаша албайт. Эң негизгиси каржы булактары ачык жана фонд аркылуу көргөзүлүп калгандыктан, былтыркыдай чоң каражат айланган жок. Бул жакшы.

Үгүт иштеринде жашыл аймактарды, тоо-таштарды же дагы бийик жерлерди үгүт үчүн колдонууга тыюу салынган, бул эреже да толук сакталып жатат. Негизи бул мурдагы мыйзамда деле бар болчу. Бирок аткарбай келе жатышкан. Азыр көзөмөл катуу болгондуктан аткарып жатышат.

Бирок беш кол тең эмес. Президент, өкмөт башчы, Борбордук шайлоо комиссиясы жана жарандык коомдун өкүлдөрү дагы мыйзамды сактоо тууралуу айтып эле жатышат. Буга карабай кээ бир кызматкерлер баары бир кыңыр иштерге барып жатышат, бирок технология өнүккөн заманда андай иштер 40 секундда эле ачылып жатат. Мисалы, фейсбук баракчасына лайк басып, аны бөлүшүп койгондор дагы чыгып жатпайбы. Мисалы, мектеп директору колдогонун билдирип жатат, бул кызматкер талапкерди колдогон видеороликти чыгарып жатат деп чыгып жатпайбы. Ушундай иш боюнча Ош шаарынан басма сөз кызматынын жетекчиси кызматтан кетип жатат. Акимдер, университеттин окутуучулары, айыл өкмөт башчылары кызматтан алынып жатышат. Булардын бардыгы башкаларга сабак болсун деп жасалып жатат. Мыйзамды билбей калыптырмын деген актануу азыр жарабайт. Мыйзамды баарыбыз так аткарышыбыз керек.

Кыргызстанда алакандай эле эл барбыз, сураша келсек, баарыбыз тууган болуп чыгабыз. Куда-сөөк, классташ, курсташ болуп отуруп эле чырмалышып калганбыз. Айрыкча саясатка аттанып жаткандар бири-бирин жакшы таанышат. Ошондуктан ириде элибизди сыйлап мыйзамдуу иш алып баралы дегим келет. Мыйзам талаасынан чыкпай өзүңөрдүн программаңарды жайылткыла деп жатабыз. Жакында бир талапкердин он мүнөттүк видеосун көрдүк. Өзү тууралуу, партиясы тууралуу эчтеке жок, бизге добуш бергиле деп да айтпаптыр. Башка партияны эле жамандай бериптир. Бул эмне болгон үгүт иши экенине таңгалдык, ага айып пул салынды.

Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого катышып жаткан 21 партия менен меморандумга кол коюлган, ага бир эле партия катышкан эмес. Эртеси эле биринин үстүнөн экинчисинен арыздар түштү. Андан тышкары жарандык коомдун өкүлдөрү өзүнчө уюштурушуп, ал жерде 18 партиянын өкүлдөрү кол коюшкан. Шайлоонун жыйынтыгын тааныйлы, шайлоодон кийин тынччылыкты сактайлы, бири-бирибизге сый-урмат менен мамиле кылалы деген меморандумга кол коюшкан. Мындан да эң башкысы конституциялык мыйзам бар, ошону сакташ керек.

Ушул тапта бюллетендер даярдалып жатат, бирок арыз жазып шайлоодон баш тартууга талапкердин укугу бар. Талапкерлердин тизмеси чүчү кулак боюнча аныкталгандыктан, алар кала берет. Бул участкалык шайлоо комиссиясына түйшүк келтирет, анткени алар чыгып кеткен талапкерлерди бюллетенден чийип чыгыш керек. Калгандары болсо өз номери менен кете берет. Бирок шайлоочулар бюллетенден чийилип калган талапкерлерге добуш беришсе, алар саналбайт. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча бир топ талапкерлер шайлоодон чыгып кетишти. Эгер талапкер 3-ноябрга чейин шайлоого катышуудан баш тартса, анын күрөөгө койгон 100 миң сому кайтарылып берилет. Андан кийин баш тарткандардыкы кайтарылып берилбейт. Бул мыйзамда көрсөтүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо 12-ноябрда жабылды. Азыр такталган шайлоочулардын тизмелери участкалык шайлоо комиссияларына жеткирилип берилет, анан шайлоо ошол тизме боюнча гана жүргүзүлөт. Буга чейин 3 млн. 680 миң шайлоочу бар эле. Бирок бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча анчалык өзгөрүү болбойт. Себеби бир мандаттуу шайлоо округдарында шайлоого чейин 90 күндө ким каттоодо турса, шайлоого ошолор гана катыша алышат.

Азыр үгүт өнөктүгүнүн аяктоосуна аз убакыт калды. Үгүт иштери аяктагыча добуш сатып алуу болбойт деген ишенич бар. Себеби, 29-октябрда үгүт иштери башталгандан тарта эле талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү бир топ аракет кылышты. Азыр да кайсы бир талапкер добуш сатып алууга аракет кылса, аны дароо шайлоодон четтетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Андан тышкары укуктук жоопкерчиликке  тартылат. Алар шайлоодон четтеп эле тынч калабыз деп ойлошпосун, добушту сатып алгандар да, саткандар да жазага кириптер болушу толук ыктымал. Эгер шайлоочу добуш сатып алгысы келген талапкердин акчасын алып туруп, бирок өзү шайлоо комиссиясына келип арыз жазып маалымат берсе, ал жазадан бошойт. Ошондуктан партиянын өкүлдөрү, талапкерлер, бир мандаттуу округдардын талапкерлери, кылган эмгегиңиздер талаага кетпесин, ак ниет менен элдин алдына чыккыла. Үйлөрдү кыдыргыла, жыйындарды, жолугушууларды өткөргүлө, телеканалдардан, социалдык тармактардан чыккыла. Өзүңөр тууралуу шайлоочуларга жакшылап жеткизип анан добуш алышыңарды каалайм.

Бийликтин булагы эл. Элдин бийликке ээ болгон учуру шайлоо күнү. Ошол добуш берүү бийлигин туура пайдаланат деген ой бар. Парламент элдин жүзү, кандай адамды шайласаңар ошолор элдин жүзү болот, кийин өкүнбөгүлө.

Шайлоочуларды добуш берүүгө активдүү катышкыла деп чакырам.