Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция боюнча министрлиги 2022-жылга өндүрүштүк календарды бекитти.

Анда жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс ала тургандыгын көрүүгө болот.

Бекитилген календарга ылайык, 1-январь ишемби күнгө туш келгендиктен, 3-январь дүйшөмбү күнгө жылдырылат, башкача айтканда, эс алуу күнү катары саналат. Ошентип кыргызстандыктар 1-2 жана 3-январь күндөрү эс алат.