КР Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Махабат Кожокеева “Ала Тоо 24” телеканалынан КР Жогорку Кеңешине шайлоолорго даярдык, талапкерлердин саны, алардын шайлоодон чыгып кетүүсү, талапкерлер тууралуу маалыматтарды кайдан билүүгө болору жана башка шайлоого тиешелүү маселелер боюнча айтып берди.

Азыркы күндө бир мандаттуу шайлоо округдардан чыгып жатышкан айрым талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын Боршайкомго берип жатышат. Учурда бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 297 талапкер калды. Алардын ичинен 19у аялдар. Ошондой эле саясий партиялардын катталган тизмесинен чыгуу үчүн Боршайкомго арыз берген талапкерлер да бар. 21 саясий партиянын тизмелеринде азыркы күндө 1016 талапкер калды. 21 талапкер катталган тизмеден чыгаруу боюнча арыздарын беришкен, Боршайком аларды тизмеден чыгаруу боюнча чечимдерди кабыл алды. Мыйзам боюнча шайлоого 3 күн калган убакытка чейин талапкерлер шайлоодон чыгып кетүү боюнча арыз берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошон үчүн бул маалыматтар алдыда дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Шайлоочулар бардык талапкерлер жөнүндө кенен маалыматтарды алгач Боршайкомдун “Талапкер”  ресурсунан алышса болот. Анда биринчи партиялар тууралуу маалыматтар бар. Кандай саясий партия, качан түзүлгөн, жетекчиси ким жана партиянын шайлоо алдындагы үгүт программасы ошондой эле талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөн. Талапкерлердин аты-жөнү, туулган жылы, ээлеген кызматтары көрсөтүлгөн. Ошондой эле “Талапкер” ресурсунан партиялардын шайлоо фондуна канча каражат түштү, канчасы коротулганы боюнча маалыматтарды да алууга болот.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарынан чыгып жаткан талапкерлердин да аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери жана программасы толук берилген. Бул жерде да ар бир талапкердин шайлоо фондундагы каражаттар боюнча да таанышууга болот. Мындан тышкары саясий партиялардын катталган тизмеси менен бараткан талапкерлер тууралуу маалыматтар гезиттерге да чыгып жатат. Ал эми бир мандаттуу округдардан чыгып жаткан талапкерлер боюнча маалыматтар аймактык гезиттерге жарыяланып жатат. Мындан тышкары шайлоо комиссияларында партиялардын талапкерлери жана бир мандаттуу округдардын талапкерлери боюнча маалымат плакаттары да илинип турат. Ал эми шайлоо күнү добуш бере турган кабинага киргенде бардык талапкерлер жазылган китепчелер болот. Себеби шайлоочу партиялык тизме аркылуу добуш бере турган талапкердин өзүнүн номерин эстеп калганы менен партиясынын номерин унутуп калышы мүмкүн, же тескерисинче болушу ыктымал. Демек, шайлоочу кабинага киргенде китепчени караса, ал туура тандоого жардам берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы азыр бюллетендерди даярдап жатат. Мыйзам боюнча шайлоого жети күн калганда бюллетендер округдук шайлоо комиссияларына жеткирилет. Андан ары участкалык шайлоо комиссияларына жеткирилет. Азыркы учурда шайлоочулардын акыркы тизмеси даярдалып жатат. Шайлоого жети күн калганда бардык шайлоо участокторунда шайлоочулардын акыркы тизмеси илинет. Эки тизме: бир мандаттуу шайлоо округдары жана бирдиктүү шайлоо округдары боюнча тизмелер илинет. Дагы башка иш-чаралар календарлык планда көрсөтүлгөндөй өз убагында жүргүзүлүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузуулар боюнча канча арыз түшкөндүгү атайын реестрде катталат. Ошол реестрди ар бир шайлоочу сайттан ачып көрсө болот. Арыз менен да таанышса болот. Мындан башка ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна да мыйзам бузуулар боюнча кайрылышат.

Шайлоо күнү биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочу добуш бере турган шайлоо участогуна келсе, ага эки чек берилет. Эки чекти шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берип, эки тизмеге кол коюп, эки бюллетень алат. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бюллетендин четинде көк сызык бар. Ал эми бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетень ак эле болуп, анда 21 партиянын чүчү кулак кармап аныкталган тизмеси орун алган. Андан кийин бюллетендин экинчи бөлүгүндө ар бириниин тушуна номер коюлган 54 бош чарчы болот. Алар партиянын тизмеси менен бараткан талапкерлердин катар номерлери. Андан башка “бардыгына каршы” деген да аянча бар.

Добуш берүүчү кабинага киргенде шайлоочу бир мандаттуу округ боюнча бир эле талапкерди тандайт. Же болбосо “бардыгына каршы” деген аянтчага белги коет. Ал эми бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетенде талапкер адегенде партия үчүн белги коет, анан ошол партиядан тандаган талапкеринин катар номерине белги коет. Эгерде партияны тандап, талапкерди тандабай калса, мындай бюллетень жарактуу болуп эсептелип, партиянын пайдасына эсептелет. Эгерде талапкерди тандап, партияны тандабай койсо, бул бюллетень жараксыз деп эсептелет. Же “бардыгына каршы” деген жерге белги коюу керек. Партияны да, талапкерди да тандаган жерде бирден ашык белги койбош керек.

Бардык мекендештерди шайлоого активдүү катышууга чакырам.