2021-жылдын 10-ноябрынан 15-ноябрына чейин Россия Федерациясынын Москва шаарында кармашып урушуу боюнча Дүйнѳ кубогу болуп ѳттү.

29 мамлекеттин мыктылары катышкан мелдеште ИИМдин “Шумкар”  атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкери милициянын кенже лейтенанты Бекназаров Эмилбек Дастанбекович катышып,  85 кг салмактагылар арасынан 3-орунду ээледи. Милициянын кенже лейтенанты Бекназаров Эмилбек Дастанбекович буга чейин Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча 2 жолку чемпиону жана башка бир нече спорттук таймаштарда байгелүү орундарды камсыз кылган.

Дүйнѳ кубогунан 3-орунду ээлеген кызматкерибизди Полктун командири милициянын полковниги А.Султаналиев куттуктап, полктун атынын акчалай сыйлык жана ардак грамота тапшырды.

 ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы