Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павлов айыл өкмөтүндөгү «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу жүрүшүндө жергиликтүү тургундар Мамлекет башчысынын көңүлүн дээрлик 20 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөргө бурушту. Алсак, мисалы,  алар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келишет, конушта мектеп, оорукана, бала бакчалар жок, ошондой эле жол жана көрүстөн маселелери курч.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 2007-жылы Ново-Павлов айыл өкмөтүнүн токтому менен 41 гектар жер тилкеси трансформацияланып, муктаж болгондорго бөлүнүп берилген. Бирок, учурда шылуун адамдар тарабынан трансформация боюнча эч кандай токтом кабыл алынган эмес деген шылтоо менен жүздөгөн адамдардын “кызыл китептерин” сот аркылуу жокко чыгаруу аракети жасалып жатат. Ошол эле адамдардын өздөрүнүн буга чейин курулуп калган жер тилкелерин кайрадан муктаж болгондорго сатып жатканы көптөгөн чыр-чатактарды жаратууда.

Аталган конуштун тургундары ошондой эле конушту Бишкек шаарынын аймагына киргизүүнү, кошумча маршруттук линияларды ачууну, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн штаттык санын көбөйтүүнү жана кылмыштуулукка каршы күрөштү жакшыртуу үчүн аларга имарат бөлүп берүү маселелерин чечүүнү суранышты.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн уккан соң үстубүздөгү жылдын жай айларында Ак-Ордо-3 конушунун өкүлдөрү менен алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн жолукканын эске салды.

Күчтүү бийликтин жоктугунан, айрым мамлекеттик органдардын шалаакылыгынан жана кээ бир адамдардын көз боемочулук аракеттеринен улам 13 миң үй-бүлө жашаган ал аймакта акыркы 15-20 жылдан бери көйгөйлөр чечилбей келгенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жашоочулар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча тез арада жөнгө салып, конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү маселесин чечүүнү тапшырды.

«Майга чейин ээлик кылууга укук берүүчү документтери жана техпаспорту жок үй болбошу керек. Эгер анда болбосо, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматынан эле алынып тим болбой, өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы шалаакылыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат», — деп билдирген Садыр Жапаров, конушту борборго кошуу маселеси жашоочулар бардык документтерин алгандан кийин чечилерин кошумчалады.

Мамлкет башчысы чогулган көйгөйлөр узак жылдар чечилбей келгенин, аларды бир заматта чечүү мүмкүн эмес экенин, бирок бардыгы акырындык менен ирээтке келтирилип жатканын белгиледи.

Президенттин айтымында, Бишкектеги калктуу конуштардын тилкелерин трансформациялоонун бардык маселелери Жогорку Кеңеште каралууда жана алардын көйгөйлөрү чечилет.

Садыр Жапаров ошондой эле, «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечүү үчүн, Сокулук районунун мамлекеттик жана көзөмөлдөөчү органдарынын жетекчилерин ротация жасоону тапшырды.

Бул райондогу социалдык объектилердин курулуш маселесине токтолуп, ал бир жарым-эки жылдын ичинде  мектеп жана бала бакчалардын курулуш маселеси чечилерин  белгиледи.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы Бишкек мэриясы борборго автобустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи. Жаңы автобустардын келиши менен конуштар кошумча маршруттук каттамдар менен камсыздалаары күтүлөт.

Аны менен бирге, Садыр Жапаров Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө мүрзө үчүн тилке бөлүп берүү маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, Президент жергиликтүү жашоочулар билдирген конуштагы эки чакырым узундуктагы ички жолдун курулушу маселесин жеке көзөмөлүнө алды.

Сөзүнүн соңунда ал, жакынкы күндөрү Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болоорун эске салып, адилеттүү добуш берүүгө чакырды. Президент Садыр Жапаров жакынкы беш жылды мамлекет экономиканы өнүктүрүүгө жана калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көңүл бурарын белгиледи.