Ош шаарында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоону уюшкандыкта өткөрүү боюнча шаардык штабдын кеңейтилген отуруму өттү. Ага мэр Алмаз Мамбетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Отурумда алгач кыш мезгилине даярдык маселеси көтөрүлүп, жылуулук берүүдөгү көйгөйлөр айтылды. Мэр Алмаз Мамбетов жылуулук берүүнү тейлеген эки ишканага (Ош муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасы, Ош ЖЭБ) абоненттерге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүүнү тапшырды. Көмүрдүн баасын тыкыр көзөмөлгө алып, социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү акысыз көмүр менен камсыздоо жагы колго алына турганын билдирди.

Ага улай отурумда 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдык иштери тууралуу маселе каралды. Шаар башчысы Алмаз Мамбетов муниципалдык кызматкерлер, кондоминиум, кварталдык башчылардын үгүт иштеринен оолак болуусун эскертти. Шайлоо тилкелериндеги тийиштүү шарттар боюнча мекеме жетекчилеринин маалыматын угуп, кошумча тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 78 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын саны 154 миңден ашуун.