КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын президентинин администрациясынын жетекчиси Антон Вайно менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Биз кызматташтыгыбыздын бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүүсүнө жана чыңдалышына кызыкдарбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ал россиялык тарапка пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Антон Вайно өз кезегинде эки өлкөнүн администрациясынын башчыларынын линиясы боюнча натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдитрди.

Учурдан пайдалануу менен ал өлкөбүздө өтүүчү парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекет ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелри талкууланды.