Бишкектин Биринчи Май районунда аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө 10 мүшөктөн көмүр таратылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматында айтылгандай, көмүр таратууга район башчысы Жамалбек Ырсалиев катышты.

«Кувейт кайрымдуулук фонду Биринчи Май районунун тургундарына колдоо көрсөтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылды. Белгилей кетсек, буга чейин тараптар эки тараптуу кызматташуу жана өз ара жардам көрсөтүү маселелерин талкуулаган. Макулдашуулардын алкагында муктаж болгон үй-бүлөлөрдү отун менен камсыздоо боюнча планы ишке ашырылды», — деп жазылат маалыматта.