Netflix компаниясы Кыргызстан тууралуу тасма тартты. Бул тууралуу ПРООНдон билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөгө Голландиядан тасма тартуучу топ келген. Netflix компаниясынын буюртмасы менен дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү маданий көп түрдүүлүк тууралуу даректүү тасма тартылды – Кыргызстандын атынан улуттук салбуурун көрсөтүлөт.

Өткөн жылы “Kyrgyz Tourism” командасы эл аралык журналисттер менен биргеликте ПРООНдун долбоорунун алкагында бүркүтчү тууралуу бир катар басылмалар материалдарды чыгарган соң  бул тема кызыгууну жаратып, демилгенин башаты болгон.

Платформанын чыгышы 2022-жылга пландалып, тасма 150дөн ашуун өлкөдө көрсөтүлөт. Кыргызстан тууралуу эпизодду миллиарддан ашык көрүүчү көрө алат.

«Тасманын аркасында планетанын бардык элдери кыргыздын каада-салты, көчмөндөрдүн бай маданияты менен таанышып, өлкөбүз тууралуу көбүрөөк биле алышат. Демилге Финляндия өкмөтүнүн колдоосу менен Борбор Азиядагы сооданы жеңилдетүү долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.