Тажикстандын “Фахробод” аскердик полигонунда “Кобальт-2021” атайын тактикалык машыгуулары өттү. Машыгууларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин “Шер” атайын даярдыктагы отрядынын аскер кызматчылары, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкерлери жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү катышты.

Иш-чара заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүүдө укук коргоо органдары менен коопсуздук органдарынын эл аралык кызматташуусун бекемдөөгө багытталган. Армениянын, Беларусиянын Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча операцияларды пландоо жана өткөрүү боюнча иштешти.

Машыгууга Кыргызстандын ички иштер министрлигинин жетекчилигинин атынан  ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов катышып, катышуучулардын алдында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары сөз сүйлөп, иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи. Тартылган бардык жоокерлердин жана атайын багыттагы күчтөрдүн Ыкчам штабынын иши жогорку деңгээлде  координацияланып, жогорку кесипкөйлүүлүгүн көрсөтүшкөнүн билдирди.

«Атайын машыгуулар күжүрмөн даярдыкты сактоо жана Жамааттык күчтөрдүн биргелешкен аракеттеринин практикалык тажрыйбасын алуу үчүн абдан маанилүү, улуттар аралык кылмыштуулук, экстремизм жана баңгизатка байланыштуу кылмыштар эл аралык масштабга ээ болуп, тынчтыкка, коопсуздукка жана бейпилдикке коркунуч туудурган бүгүнкү күндө өзгөчө маанилүү.

Өткөрүлүп жаткан машыгуулар кылмыштуулук менен күрөшүүгө чоң салым кошуп, мамлекеттерибизде туруктуулукту жана тынчтыкты сактоого кызмат кылат деп ишенем», — деди Октябрь Урмамбетов.

Сөзүнүн аягында министрдин орун басары «Кобальт-2022» кезектеги атайын тактикалык машыгуулары өткөрүү Кыргыз Республикасында мерчемделип жатканын баса белгилеп, ар тараптуу колдоо жана жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин буйругу менен  ИИМдин  “Шериктеш” (өз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн) жана “Кыргыз милициясына 95 жыл, ИИМдин Ички аскерлеринин “Каармандык” медалдары  менен Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана аталган машыгууга  катышкандар сыйланышты.

Машыгуулардын аякташы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Тажикстан Республикасынын ИИМдин Академиясына барды. Анда эки мамлекеттин окуу жайларынын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Курсанттар менен жолугушуу уюштурулуп, Октябрь Урмамбетов эки элдин ортосундагы достук мамиле, достук мамилени сактап келе жаткан мамлекеттердин ортосундагы коомдук тартипти, тынчтыкты жана туруктуулукту  камсыздоонун бирдиктүү максаты жөнүндө лекция окуду.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы