Бишкек—Ош унаа жолунун 420-чакырымында, тактап айтканда Жалал-Абад облусунун Беке-Чал тилкесинде чиркегичи бар «МАН» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кыймылына тоскоолдук жаралган. Саат 09:00дө унаалар өтө албай, жол тыгыны пайда болуп, 500дөн ашуун унаа токтоп тургандыгы туралуулуу билдирүү түшкөн.

«Кырдаалды жоюу максатында ӨКМдин Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ иш алып барууда. Ошондой эле автокран жана жүктөгүч тартылып, оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгарылды. Учурда жол бир тараптуу ачылып, унаалар өтүп жатат», — деп айтылат маалыматта.