Президент Садыр Жапаров бир жума аралыгында  эле борбор калаабыздын айланасындагы бир топ жаңы конуштардын тургундары менен бир нече жолугушууларды өткөрдү.

18-ноябрда мамлекет башчы Бишкек шаарындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жанында жайгашкан «Жер Ынтымак» жаңы конушунун тургундары менен жолугушту.   Жер басып алгандар эски аянтка митингге чыгып, турак жайларын мыйзамдаштырууну талап кылышкан.

Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга маселени иликтеп чыгууну тапшырарын, андан кийин гана чечим чыгарын убада кылды. Калктын басымдуу бөлүгүнүн турак-жайын жана жер тилкелерин мыйзамдаштырууга байланышкан маселелерин тез арада чечүү үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгы жасалып жатканын баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын башчысынын айтымында, аймактарда бул көйгөй акырындык менен чечилүүдө. Бир күн мурун борбор калаадагы ЖЭБ-2ин жанындагы жерлерди трансформациялоону баштоо жана тургундарга кызыл китептерди берүү тапшырмасы берилген. Бул маселелердин бардыгын чечүү үчүн убакыт керек.

Садыр Жапаров чогулгандардын көңүлүн митингдер мындай маселелерди тездетүүгө же биротоло чечүүгө жардам бербей турганына буруп, жер басып алуу темасына да токтолду.

«Митингдер кырдаалды турукташтырууга же жакшыртууга жардам бербейт — муну баары түшүнүшү керек. Мындан ары жерлерди уруксатсыз басып алган мурдагыдай башаламандык болбойт. Мыйзам бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Биз мыйзам жолунда жүрүп, мыйзамга ылайык жашоону үйрөнүшүбүз керек», — деди ал.

Садыр Жапаров 22-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ала-Тоо 3” жаңы конушунда болду. Мамлекет башчысы жай мезгилинде жаңы имараттын бир нече жашоочуларын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө убада бергенин белгиледи.

«Мен сиздердин бардык көйгөйлөрүңүздөрдү изилдеп чыктым жана бүгүн кайрылып келдим», — деди ал.

Жергиликтүү тургундар 13 үй жер тилкесин мыйзамдаштыралбай, үйүндө техникалык паспорт ала албай жатканын айтышты. Мындан тышкары, өз алдынча көрүстөн жок болгондуктан, сөөк коюуда көйгөйлөр бар. Алар президенттен мектеп курууну, коомдук транспортту ишке киргизүүнү, жолдорду оңдоону жана жаңы имаратты шаар менен байланыштырууну суранышты.

Ушул эле күнү президент Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловский айыл өкмөтүнө караштуу “Ак-Ордо-3” жаңы конушунун жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар мамлекет башчынын көңүлүн дээрлик 20 жылдан бери чечилбей келген бир катар көйгөйлөргө бурушту. Мисалы, эл жер тилкелерин мыйзамдаштыра албайт, конушта мектеп, оорукана, бала бакчалар жок, ошондой эле жол, көрүстөн маселеси курч.

Президент жергиликтүү тургундарды угуп, дароо эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге эл тарабынан айтылган көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле турак жай конушундагы участокторго укук белгилөөчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү маселесин чечүүнү тапшырды.

«Май айына чейин укук белгилөөчү документтери, техникалык паспорттору жок үйлөр калбашы керек. Болбосо тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулуп эле тим болбостон, өз милдеттерин аткаруудагы шалаакылык үчүн жоопкерчиликке тартылышат», — деди Садыр Жапаров. Бул турак жайды борборго кошуу маселеси жашоочуларга бардык документтер келип, социалдык объектилер курулгандан кийин чечилерин кошумчалады.

Бул жолугушуулардын баары Садыр Жапаровдун бир жыл мурункудай эле эл менен каалаган убакта түз сүйлөшүүгө даяр экенин айгинелейт. Нааразычылык маанайдагы адамдарга  бул ачык көрүнүш. Демек, шайлоодон кийин капысынан кандайдыр бир бороон-чапкын болуп кетсе да, мамлекет башчы өзүнөн мурунку президентке окшоп жашынбай, протестанттарга жеке өзү чыгат дегенди билдирет.

Баса, жер басып алуучулардын көйгөйү канча жылдап чечилбей жарылуучу масса болуп келген, негизинен ушул убакка чейин эч ким алардын көйгөйлөрүн чечүүнү каалаган эмес. Мурунку президенттер бул адамдар менен байланышуудан сестенчү. Садыр Жапаров алар менен бир топ жакындан жолугушууларды өткөрүп келет.