Борбор калаанын соода түйүндөрүндө 3000 сомдук көмүр түгөндү, мындан ары сатылбайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу  «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Билдирүүдө, компания буга чейин Бишкекке 317 тонна көмүр жеткирилгенин жана жакын арада аны бөлүштүрө баштаарын белгиледи.

«Учурда Кара-Кечеде иш штаттык режимде жүрүп жатат», — деп жооп берди «Кыргызкөмүр». — 3000 сомдук көмүр түгөндү, мындан ары берилбейт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда 3000 сомдон көмүр алууну каалаган тургундар көп. Кечээ Бишкекке 317 тонна көмүр алынып келинди. Президенттик аппарат борбор калаага отун базаларынан алынып келинген көмүрдү чогултуп, жакшы көлөм чогулганда, тагыраагы 1-2 күндүн ичинде сатыкка чыгарарын билдирди. Бул акыркы жолкудай алынып келинген 200-300 тонна сатылып, көптөгөн тургундарга жетпей калбашы үчүн жасалган кадам. Бүгүн Кара-Кечеден Бишкекке дагы 707 тонна көмүр чыкты»,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров бийлик өкүлдөрүнө тургундарды 3 миң сомдон арзан көмүр менен камсыз кылууну тапшырган. Бирок кечээ, 23-ноябрда тургундар эки базада көмүр жок деп нааразы болушкан. Ошондой эле алар бир нече күндөн бери көмүр базасына көмүр келбей жатканын билдиришкен.