Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасы (БКТД) бейтаптарды кабыл алып, бир нече татаал операцияларды жасоодо.

Кыргыз-түрк ооруканасы кардиология боюнча адистешкен. Ошондой эле гастроэнтерология жана жалпы хирургия бөлүмдөрүн толук ишке киргизүү пландалууда. Медициналык мекеме ошондой эле тез жардам линиясы аркылуу жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга шашылыш медициналык жардам көрсөтөт.

«Биз Кыргызстанда жасалбаган жогорку технологиялык операцияларды жасайбыз. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосун жеңилдетебиз. Мурда алардын айрымдары чет өлкөгө дарыланууга аргасыз болушчу, эми бизге кайрылса болот», — деди оорукананын башкы дарыгери Озгур Чэлеби.

Жыл сайын жүрөк-кан тамыр системасына 500гө жакын операция, жалпы хирургия тармагында  да  500  жана ангиография тармагында 1,5-2 миң текшерүүнү жүргүзүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары ооруканада жарандарга диагноз коюуга мүмкүн болгон поликлиника бар. Ал жерден операцияга деп көрсөтмө берилсе бейтап ооруканага жаткырылат.

Ооруканада 72 керебет болсо, анын 21и реанимацияда. Ангиограф, компьютердик жана магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген, гастроскоп, эхокардиограф, заманбап лаборатория бар.

Оорукананын медициналык кызматтарынын тизмеси жана баасы Монополияга каршы комитет тарабынан иштелип чыгып, бекитилди. Тиешелүү документтер болгон шартта калктын аялуу катмарындагы бейтаптар үчүн жеңилдиктер берүүгө даяр. Бул жерде чет өлкөлүк жарандарга да кызмат көрсөтүлөт.

«Оорукананын негизги айырмачылыгы биз бейтаптарды башка медициналык мекемелерге же лабораторияларга жөнөтпөйбүз. Бул жерден текшерилип, дарыланып, керек болсо операция жасап, үйлөрүнө чыгарылат. Бейтаптарга дары-дармектерди же медициналык буюмдарды издөөнүн кереги жок. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк же башка дарыгердин жолдомосу талап кылынбайт”, — дейт башкы дарыгердин орун басары Рахман Ажыкулов.

Аталган ооруканага Түркиянын тажрыйбалуу дарыгерлери келген.

«Бардык дарыгерлер Түркиянын жүзү, ошондуктан мамлекет Кыргызстанга тажрыйбалуу адистерди гана жөнөтүүгө аракет кылууда», — дейт  Рахман Ажыкулов.