Президенттин чет өлкөлүк каттамдары үчүн колдонулуучу №1 борт моралдык жактан эскирген. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, учак үчүн жыл сайын көп чыгым сарпталууда. «Ал кеминде дагы бир жыл талапка жооп берет. Бул учакты иштеткен авиакомпания менен учакты алмаштыруу боюнча сүйлөшүү зарыл», — деди ал.