14-ноябрдан 27-ноябрга чейин Нью-Делиде 40-Индия Эл аралык соода жарманкеси — 2021 (IITF) өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинен билдиришти.

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциялары жана кол өнөрчүлүк буюмдары коюлган.

Кыргызстандын павильонуна келгендердин арасында бал жана кургатылган жемиштер, кийизден жасалган буюмдар жана жибек жоолуктар өзгөчө суроо-талапка ээ.

Көргөзмөгө 3 миңге жакын чакан жана орто бизнес өкүлдөрү, ошондой эле Афганистан, Бангладеш, Бахрейн, Непал, Шри-Ланка, БАЭ, Тунис, Түркия жана Кыргызстандын ишкерлери катышууда.