Россиялык белгилүү блогер Хусейн Гасанов кыргызстандык таксистке жаңы унаа белек кылды. Бул тууралуу блогер Инстаграм баракчасына жарыялаган.

Блогер эксперимент уюштуруп, таксисттер кыйын кырдаалга туш болгон адамды бекер алып кетүүгө макулбу же жокпу текшерүүнү чечти. Кадрдан көптөгөн айдоочулар бекер жүрүүдөн баш тартканын көрүүгө болот.

Тасмада көрсөтүлгөндөй кыргызстандык таксист кызынын кулагына операция жасатуу керектигин жана карыздарын жапса мекенге кайтарын билдирет.