2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган шайлоодон кийин түзүлө турган Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы мурунку, алтынчы чакырылышка караганда күчтүү болот, деп билдирди педагогика илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Мурат Сейдакматов. Редакциябыз менен болгон маегинде ал алдыдагы плебисцит тууралуу ой бөлүштү.

2021жылдын ноябрында 2020-жылдын октябрындагы каталарды кантип кайталабаш керек?  

– 2020-жылдын октябрындагы шайлоодон бери бир жыл өттү. Жакында, 28-ноябрь күнү ЖКга шайлоодон кийин толук кандуу мыйзам чыгаруу бийлигинин органы түзүлөт. Ушул бир жыл ичинде президенттин командасы бийликти гана албай, башкарууда да ийкемдиги менен ыкчамдыгын көрсөтүп, мамлекеттик бийликтин туруктуу системасын калыптандыра алды. Ошондуктан өткөн жылдагы катачылыктар кайталанышы күмөн. Анткени азыркы бийликтин ишинин натыйжасы көзгө көрүнүп турат. Шайлоо эркиндиги камсыз кылынды. Ар бир жаран кааласа, партиялык тизме аркылуу же бир мандаттуу округдар аркылуу өз талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк алды. Акча бергендерге, добуш сатып алууларга ишенимдүү бөгөт коюлду. Мен жетекчиликтеги Садыр Жапаровдун башчылыгында түзүлгөн тең салмактуулук бул шайлоону  эч кандай ызы-чуусу жок ийгиликтүү өткөрөөрүнөн шектенбейм.

Шайлоочулардын добушун сатып алуу – Кыргызстан үчүн көнүмүш адатка айланып калган эмеспи. Бирок сиз бийликтин тартип бузууларга жол бербей, шайлоону таза өткөрүү боюнча даярдыгын канчалык деп баалайсыз?

— Ооба, чынында эле С. Жапаровдун клмандасы жүргүзүп жаткан ушунча иштерден кийин деле добуш сатып ала коюуга дилгирленип жанталашкан айрым талапкерлер болууда, алар бул максатта мыйзам бузуудан да кайра тартпай тургандай. Бирок биз мындайлардын кандайча жазага тартылып жатканын көрүп жатабыз. Эч кимдин сиңирген кызматына же даражасына карабай бирдей жоопко тартуу аракетери жүрүп жатат. Ошондуктан менимче Садыр Жапаровдо да, өкмөттө да эгерде мыйзамдар өлкө ичиндеги ички процесстер менен бекитилбесе, анда бийликтин өзү да тез эле формалдуулукка айланып калат деген айкын түшүнүк бар.

Бүгүн биз өзүлөрүнүн ишке жөндөмсүз экенин көрсөтүшкөн эски саясатчылардын, мурдакы депутаттардын талапкер болуп жатканын көрүп турабыз. Алар өзгөрүүгө жөндөмдүү деп ойлойсузбу? 

-Кеп Жогорку Кеңешке буга чейин өзүлөрүн жөндөмсүз экенин көрсөтүшкөн эски саясатчылардын, мурунку депутаттардын жулунуп жатканында гана эмес. Мындай талапкерлердин колунда мурунтан калыптанып калган мыйзамсыз жүрүштөрү, механизмдери, жарандардын добуштарын сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү бар, кептин баары ушунда. Алар шайлоого аз калган акыркы күндөрдө активдешет деген коркунуч бар. Ошондуктан так ушул күндөрү УКМК, мамлекеттик органдар өзгөчө сак болушу керек деп ойлойм.

Кырдаалды реалдуу өзгөртүү үчүн парламент кандай болушу керек?

-Шайлоону админресурстары жок, ЖКнын 54 депутатын пропорционалдуу система боюнча бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутатты бир мандаттуу шайлоо округунда мажоритардык система боюнча шайлоо Кыргызстандагы жаңы парламентаризмдин жаңы өнүгүү этабына жол ачат деп ишенем. Жаңы парламент мурункудан күчтүү болуп, натыйжалуу иштейт. Анткени парламенттеги орундар кыскарып, атаандаштык барган сайын өсүүдө.

Эгерде Кыргызстандагы абал өзгөрбөсө, анда эмне болуп кетиши ыктымал?

-Шайлоодо жаңы аралаш шайлоо тартиби менен байланышкан түшүнбөстүктөр болушу ыктымал. Техникалык каталар кетип калышы мүмкүн, бирок ага карабай, бийликтин жаңыланган бутагынын калыптанышы менен саясий кырдаал турукташат. Мында парламенттик башкаруунун формасы гана жаңыланбай, анын курамы да жаңы муун менен жаңыланмакчы. Бул көз караштан алып караганда, парламенттик жарыштын алдыңкы сабында жаш муундун, активисттердин өкүлдөрүнөн турган “Эл Үмүтү” партиясын көрөбүз деген ишеним бар. Алар добуштардын басымдуу үлүшүн алышат. Ошондуктан эгерде кечээки ыктырчылар декабрда парламентке ЖК депутаты сыпатында келе турган болсо, анда ЖКнын ишинин натыйжалуулугу артып, ыкчам да болуп калат.