29-ноябрда шайлоо участкалары убактылуу жайгаштырылган мектептер жана бала бакчалар бир күнгө онлайн окутууга өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, калган мектептер жана бала бакчалар өз ишин штаттык режимде уланта беришет. «28-ноябрында Жогорку Кеңешине шайлоолорду уюшкандыкта өткөрүү максатында өлкөнүн кээ бир мектептеринин жана бала бакчаларынын имаратында участкалык шайлоо комиссияларын убактылуу жайгаштырууга уруксат берилген. Шайлоонун эртеси, дүйшөмбү күнү, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан мектепте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт», — деп билдиришти министрликтен.

Белгилүү болгондой, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.