Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Белек Калыков ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты.

20-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» залында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чара өткөн. Ал жерде Кыргызстандын картасы илинип, бирок Ворух анклавы Тажикстан менен биригип калган.

Социалдык тармактын колдонуучулары бул катаны байкашкан.

Башкы прокуратура Кыргызстандын картасы түшүрүлгөн баннерди жеке менчик компаниядан буюртма кылганын билдирген.

«Буюртманы аткарган тараптын шалаакы мамилесине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт», — деп белгилеген Башкы прокуратура.