Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен биргеликте Ош облусунун Араван районунда Ирактан кайтарылган балдардын реаблитацияланышына мониторинг жасашты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жыпариса Рысбекова жана Кудайберген Базарбаев жашоо шарттары, мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан көрсөтүлгөн социалдык, билим берүү жана башка кызматтар менен таанышышты.

Ошондой эле балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кайтып келген балдар билим алып жаткан билим берүү мекемелеринде болуп, мугалимдер менен аларды адаптациялоо жана окуу процессине киргизүү маселелерин талкуулады.

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан балдардын толук жана коопсуз жашоосу үчүн аларды кайра социалдаштыруу жана реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Учурда бардык балдар камкордук каттоосу менен үй-бүлөдө жашашат. Окуу жылынын башынан бери мекенине келген 50 мектеп жашындагы балдар жалпы билим берүү уюмдарына барышты, 17 мектеп жашына чейинки балдар жашаган жери боюнча бала бакчага жайгаштырылды, 12 жеткинчек камкорчулардын каалоосу боюнча үйдө тарбияланууда.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги бардык мекенине кайтып келген балдарга кийим-кече жана тамак-аш түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү. Ошондой эле балдарды реабилитациялоо жана социалдаштыруу боюнча иштерди жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.