Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелген фактыны ачыкка чыгарды. Бул тууралуу  Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын аймагында “Н” аттуу жаран Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бирин колдоо үчүн добуш сатып алууга активдүү катышып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесине ылайык («Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу») кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгѳн тергѳѳ аракеттеринин жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз аракеттер Бишкек шаарынын тургундары А.А. жана М.Н. аттуу жарандар тарабынан жасалганы тастыкталып, кармалышкан.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 30-октябрынан тартып А.А. саясий партиялардын биринин жана депутаттыкка талапкердин кызыкчылыгын кѳздѳп, үгүттөө иштерин жүргүзүү боюнча үгөттөөчү милдетин аткарып жатып, М.Н. аттуу жаранга 10 миң сом акчаны 10 шайлоочуга берип, белгилүү бир саясий партиянын жана талапкерге добушун берүүсүн суранган.

Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы тарабынан ыктыярдуу түрдө берилген акча каражат түрүндөгү үгүт материалдары жана буюм далилдери алынды. Ошол эле учурда жарандар А.А. жана М.Н.га кылмыш жасоого шек келтиргендиги тууралуу билдирүүлөр берилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.