Президент Садыр Жапаров бүгүн «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев менен маек курду. Анда мамлекеттеги эң маанилүү Кумтөр, Мегаком маселелери тууралуу пикирлерин ачык айткан. Маекти окурмандарга сунуштайбыз: 

– Садыр Нуркожоевич, саламатсызбы?!

– Саламатчылык.

– Мамлекеттин, элдин тагдырына кайдыгер карабаган журналист катары сизге бир нече суроолор менен келдим. Маектешүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат.

Эч нерсе эмес.

– Анда биринчи суроом: Кечээ Өмүрбек Текебаевге теледебатта оппоненти суроо берди. Сиз 2012-жылы Садыр Жапаров Кумтөрдү мамлекетке алалы (!) дегенде каршы болгонсуз. Эмне үчүн деген суроосуна мындай деп жооп берди: “Биздин сунушубуз токтом долбооруна кирбей калган, ошол үчүн каршы болгонбуз, азыр деле Кумтөр мамлекетке өткөн жок” деди. Ушул чынбы? Чын болсо ал эмне сунуш эле? Дегеле Кумтөр мамлекетке өттүбү же өтө элекпи?

– Текебаев алжып калган, же ич күйдүлүк кылып жатат. “Алжып калган” дегеним өзү көрүп турган эле жолду “мына ушул жол туура” деп эле көгөрүп тура берчү адаты бар. Ошентип көгөрүп жүрүп акыркы он жылда мамлекетти сазга батырды.

Маселени чечүүнүн башка жолдору толтура да. Кумтөр талаш жок 100 пайыз мамлекетке өттү. Чекит коюлду. Муну тигилер өздөрү да моюндады. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ аткаминерлер камалышты. Тигилер тараптан дагы жоопко тартылчулар бар. Бир аз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз. Сабыр этип тургула.

Ал эми “ич күйдүлүк кылып жатат” дегеним, 2012-жылы Текебаев ич күйдүлүк кылып, андан сырткары Атамбаевдин буйругун аткаруу менен каршы чыккан. Экөө бир команда болчу.

Мен көп саясатчыларга жооп бербей эле коеюнчу дейм. Бирок өздөрү келип эле тийишип алат. Анан жооп бергенге туура келет.

2012-жылы мен “Кумтөр мамлекетке өтсүн” деген маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеш ызы-чуу түшүп турганда Текебаев фракциясын кабинетине чогултуп алып, «неужели» “Ата-Журтчулар” ушул маселени көтөрүп чыгат? Эмне, биздин арабызда жокпу көтөрүп чыкчулар (?) деп фракциясын зекийт. Ичи күйөт. Бул окуяны ошол мезгилде Текебаевдин партиясынан депутат болгон Бактыбек Калмаматов өз оозу менен ошол замат бизге айтып берген. «Азыр фракцияда ушундай сөз болду.

Кумтөр маселеси өтпөйт Садыр аке. Жөн эле убара болбоңуз, мен добуш берем, бирок менин добушум эч нерсе чечпейт», — деп.

Калп десе Бактыбек Калмаматов айтып чыксын азыр. Ошондогу жаш депутаттар Дастан Жумабеков, Жыргал Саматов, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев болуп баарыбыз чогуу туруп укканбыз. Залда танапис болгондо жаш депутаттар чогулуп, баарлашып калаар элек.

Кийин добуш берерде “Ата-Мекен” фракциясы тобу менен добуш бербей залдан чыгып кетишкен. Жогорку Кеңештин архивин көтөрүп карап көрсөңөр болот. Архив калп айттырбайт.

Андан кийин 2015-жылкы шайлоо алдында элге пиар кылыштын амалын кылып, “Кумтөр элге өтсүн, мөңгүлөр талкаланбасын” деп мыйзам долбоорун чыгарымыш болушту. Эч жыйынтык чыккан жок. “Эл көрсүн” деген эле амалы болду. 2012-жылы эле колдоп коюшса өлөт беле? Ошондо колдоп коюшканда андан бери 8 миллиард доллар өзүбүздө калмак. Анын баары тышка чыгып кетти.

Кыргыздар ичи тарлыктын кесепетинен көтөрүлө албай келебиз. Андан көрө баарыңар буттан чалбай мага жардам бергиле. Моралдык эле жардамыңар керек. Азыр мен карапайым калктын гана моралдык жардамын сезип турамын. Анча-мынча саясатчылар каршы чыгып жатасыңар. Тескерисинче, Кумтөр, Мегаком жана башка эл аралык маселелерде бир муштум болуп колдоп тургула да. Баарыбыз үчүн керек. Кичине бир кемчилик кетсе эле табалап ураалап калбай. Кыргыз жаранысыңар го акыры.

И баса, Мегаком да толук мамлекетке карады.

– Шайлоо жакындап калды. Тынч өтөрүнө кепилдик бере аласызбы?

100 пайыз кепилдикти бир гана Кудай берет. Мен 99 пайыз кепилдик берем. Мурдагыдай бийлик тараптан административдик ресурс колдонулган жокпу? Жок. Сатып алуу, сатуу дегендерди колубуздан келишинче тыйып жатабыз. Талапкерлер менен 3,5 миллион шайлоочунун ар биринин артынан киши кое албайт экенбиз. Ошондуктан, эл өзү добушун сатпаш керек. Бийлик тараптан админресурс колдонулбагандан кийин тынч өтөт. Эмне шылтоо менен эл көчөгө чыгыш керек? Шылтоо жок.

Ооба. Анча мынча саясатчылар “куралдуу төңкөрүш кылабыз” деп сүйлөшүп жаткандар бар. Алардын ар бирин билебиз. Далилдер топтолду. Шайлоодон кийин аларга катуу чара көрөбүз. Азыр чара көрө баштасаң “шайлоого карата болуп жатат” деп тарапташтары кыйкырып чыгышат. Ушул акыркы шайлоо. Мындан ары беш жыл бою саясатты унутабыз. Баарыбыз экономиканы көтөрүү менен алек болобуз. «Повод» жок эле чыга бергендер болсо катуу жазасын алышат. Биз өзүбүз дагы «повод» бербейбиз. Таза, адилеттүү иштейбиз. Тарыхтын ак барактарында калышыбыз керек. Максат ошол.

– Садыр Нуркожоевич, көңүл буруп, маек бергениңизге чоң рахмат!

Маектешкен Асланбек Сартбаев

Булак: Арыба сайты