Бишкек шаарында жолдорду кардан тазалоого эртең мененки убакытка карата 20 тонна туз керектелди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол тазалоо иштерине 38 атайын техника, 26 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу унаа, 4 «Беларусь» кичи трактору, 2 фронттук жүктөгүч жана ЗИЛ базасындагы 2 кум чачуучу техника тартылган.

«Жол тазалоо иштери таңкы саат 4:00дө башталган. Мындан тышкары 650 көчө шыпыргыч штаттык негизде иштеп жатат. Учурда «Тазалык» кызматкерлери жолдорду кардан тазалоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө», — деп билдиришти мэриядан.

Бишкектеги тазаланбай калган участокторго күбө болгон жарандар төмөнкү: 0554 182 185 же 1840 жана 1850 номерлерине (күнү-түнү) чалып билдирсе болот.

Белгилей өтсөк, учурда борбор калаада 129 троллейбус, 83 автобус, 770 кичи автобус жүргүнчүлөрдү ташууда.