Дыйкандарга бөлүнгөн каражаттын 3% гана максаттуу пайдаланылууда. Калган жеңилдетилген насыялар чиновниктерге берилген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жазында республиканын аймактарын кыдырганда — сугат жерлерге эгин эгилген эмес.

«Ондогон, жүздөгөн гектарлар ээн турат. Дыйкандар үрөнүм жок, акчабыз жок, техника ала турган болсок алалбай жатат дешти. Мен Эсеп палатасына эмне үчүн насыялар дыйкандарга жетпей жатканын тактап берүүнү тапшырдым. Көрсө, аларга бөлүнгөн каражаттын 3%ы гана дыйкандарга жетет. 6% менен 97%ы ишкерлерге, депутаттарга, министрлерге, губернаторлорго жана алардын жакын туугандарына берилет. Кредиттер бир жылдан үч жылга чейин берилет. Бизде азык-түлүк коопсуздугу боюнча курч маселе бар. Дыйкандар чөп өстүрүшөт, чөп сатышат, жадакалса буудай себе албай жатышат», — деди  мамлекет башчы.

Акча алган дыйкандардын арасында депутаттыкка талапкерлер, мурдагы министрлер да бар.

Бирок Жапаров муну этикага туура келбейт деп эсептеп, аткаминерлердин атын атаган жок.

Президент дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды РСК Банк, Айыл Банк жана жеке банктар берип жатканын эске салды.

Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, «Бул жерде коррупция болушу мүмкүн. Болбосо банктар кредит бербейт эле. Бул банкирлер кимдер экенин тактап бергиле», — деди Жапаров.

 

«1-январдан тарта министрлер кабинети Акылбек Үсөнбекович дыйкандарга бөлүнгөн бир сом да сол тарапка кетпеши керектигин эске алды. Бизнесмендер ала турган башка дагы кредиттер бар. Бул маселе менин көзөмөлүмдө болот», — деди президент.