Келечекте күйүүчү-майлоочу майдын баасын кармап туруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу күйүүчү-майлоочу майдын баасынын төмөндүгүн белгиледи.

«Бизде эң арзан күйүүчү-майлоочу майлар бар. Бул мамлекеттик жөнгө салуу менен шартталган. Бирок келечекте бааны кармап туруу мүмкүн эмес. Биз регион боюнча бааларды теңдештирүүгө даяр болушубуз керек. Биз электромобилдерди колдонууга өтүшүбүз керек”, — дейт Данияр Амангелдиев.