Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жана Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы жаз-жай мезгилинде Чүй облусунун сугат жерлерин талаптагыдай сугаруу камсыз кылынбаганын белгиледи. «Дыйкандар ызы-чуу сала баштаганда гана кириштиңиздер», — деп кошумчалады ал.

Президент Садыр Жапаров сугат мезгилине эрте даярдык көрүү зарылдыгын белгилеп, бул үчүн жогоруда аты аталган жетекчилер жеке жоопкерчилик алаарын кошумчалады.