Коррупцияга шектелгендердин баары мыйзам чегинде жазасын алышы керек, деп билдирди президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Анын айтымында, ошол эле учурда алар келтирген зыянды мамлекетке кайтаруу боюнча бардык чараларды көрүү керек.

«Аларды жөн эле камап койсок, мамлекетке эч кандай пайда жок. Бул бюджетти толтура албайт, мамлекеттен уурдалган акчаны толуктай албайбыз. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн мүлктү конфискациялоо талап кылынат. Хансарайларды, элиталык батирлерди сатып алган мамлекеттик чиновниктер уурдалган акчага кымбат баалуу унааларды сатып алышат — андай болбош үчүн алар бардыгын кайтарып берүүгө милдеттүү», — деди президент.