№31 Чүй-Кемин бир мандаттуу округунан депутаттыкка аттанган Медербек Саккараев Казакстандын жарандыгын алган. Бул тууралуу кечээ, 26-ноябрда БШКнын жыйынында айтылды.

Буга чейин ИИМге Медербек Саккараев Казакстандын жарандыгын алганы тууралуу маалымат келип түшкөн. ИИМ Казакстандын миграция департаментине кайрылган.

«1971-жылы туулган Медербек Саккараев Казакстандын жарандыгын алганын жана Казакстандын жараны экенин тастыктайбыз. Саккараев жарандыктан чыгуу өтүнүчү менен кайрылган эмес», — деп билдирген Казакстандын миграция департаменти.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Медербек Саккараев депутаттыкка аттанып жатканда Казакстандын жарандыгын алганын белгилебегенин айтты.

Ал эми Саккараевдин өкүлү Чыңгыз Алмазбеков Казакстандын миграция департаментинин маалыматын четке какты.

«Депутаттыкка талапкер катары катталып жатканда Саккараевдин башка жарандыгы болгон эмес. Медербек Саккараев Кыргызстандын жараны. Бирок буга чейин Казакстандын жарандыгын алганын тастыктайбыз», — деди ал.

Анын айтымында, Саккараев Казакстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз менен кайрылган эмес. Ал Казакстандын элчилигине Кыргызстандын жараны экени тууралуу документти көрсөткөн. Саккараевде Казакстандын элчилигинин каты бар, анда Саккараев ишеничтен кеткендигине байланыштуу Казакстандын жараны эмес экени айтылат.

БШКнын төрайымы талапкер мурда башка өлкөнүн жарандыгын алса, талапка ылайык, аны көрсөтүш керек болчу экенин белгиледи.

Ошондой эле БШКнын мүчөлөрү Чыңгыз Алмазбековдон Казакстандын элчилигинин катын көрсөтүүнү жана Саккараев Казакстандын жарандыгын качан алып, кайра качан баш тартканын көрсөтүүнү суранды. Алмазбеков учурда элчиликтин катын күтүп жатышканын билдирди.

Ал эми ИИМ БШКдан Саккараевди жазык жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүнү суранды.

Жыйынтыгында бул маселени кароо кийинкиге жылдырылды.