Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаадагы №5278 шайлоо участогунда добуш берип чыкты. Калаада 154 миңден ашуун шайлоочу катталган.

Мамбетов добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолорун жооп берди. Анын айтымында, бул ирет шайлоодо «административдик ресурс» колдонулган жок, ал эми шайлоого аралашкан жети мамлекеттик кызматкер иштен алынып, экөө кызматтан четтетилгенин билдирди. Ошондой эле Мамбетов бир нече жетекчи сөгүш алганын кошумчалады — сөгүш алгандардын арасында мэр өзү да бар.

«Админресурс колдонуп башталганда эле, жетекчилер ротация жолу менен алмашылды. Президент баш болуп айтып жатат “шайлоого кийгилишпегиле, админресурсту кошпогула” деп. Туура, мен дагы сөгүш алдым», — деди Мамбетов.

Ош шаарынын мэрине Алмаз Мамбетовго жана билим берүү министри Болотбек Купешевго ОшМУ жана ОшТУнун студенттери «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышканы үчүн сөгүш алышкан.

Анткен менен «Клооптун» кабарчысы «Жылуулук камсыздоо», «Ош-Тазалык» жана «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканалардын жетекчилери буга чейин шаардык кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланганын эске салды. Бирок алар Алмаз Мамбетовду мэр кылып шайлагандан кийин мандаттарын тапшырып, кайра мурдагы кызматтарына дайындалышкан.

Мамбетов болсо «Ош-Тазалыктын» башчысы Нурбек Исмаилов жана «Ош шаар суу каналды» жетектеген Дөөлөтбек Көкөчөров «чет өлкөдө болгондуктан» шайлоого аралаша алган жок деп билдирди. Ал эми «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын жетекчиси Бекмурза Эргешов анын кызматкери «Азаттык» партиясы үчүн «добуш сатып алууга» шектелгени үчүн сөгүш алган.

Мындан сырткары Мамбетов добуш сатып алуулар «айрым талапкерлер тарабынан жасалды» деп кошумчалап, шайлоодон кийин мыйзам бузгандарга «чара колдонулат» деп ишендирди.