Кыргызстандын Жогорку Кеңешин шайлоо үчүн Түркиядагы жарандарга Анкара, Стамбул жана Анталия шаарларында шайлоо тилкелери уюштурулган деп жазат Haberturk түрк басылмасы.

Консулдук каттоого алынып, биометрикалык маалыматтардын базасына кирген жарандар жергиликтүү убакыт менен саат 08:00 — 20:00 аралыгында добуш беришет.

Түркияда Кыргызстандын 84 миң 128 жараны катталган.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоо өтүп жатат. Шайлоо аралаш система боюнча өтүүдө. 54 мандат үчүн талапкер партиялык тизме боюнча, парламенттеги дагы 36 мандат үчүн – бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлер күрөшүп жатат.