Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы М. Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.

2021-жылдын 26-ноябрь күнү ИИМдин кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары С. Сапарбеков кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми, 2021-жылдын 27-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө соту тарабынан шектүү С. Сапарбековго карата 2022-жылдын 26-январына чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулду.

ИИМдин Басма сөз кызматы