Бүгүн, 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине келип шайлоо процесси учурундагы ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн байкоого алды. Акылбек Жапаров ыкчам кырдаалдарга байкоо жүргүзүү жана ага жараша чечимдерди кабыл алуу кырдаалдык борбордун приоритеттүү багыттары жана министрликтин басма сөз кызматынын ишмердүүлүгү менен менен таанышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Акылбек Жапаровго шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан коомдук –саясий жана криминалдык абалдын милиция тарабынан толук көзөмөлгө алынып жаткандыгын баса белгилеп жана ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын комплекстүү багыттары менен тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Акылбек Жапаров ИИМдин кырдаалдык борборунун мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде түз байланышка чыгуу менен борборубузда жана региондордо шайлоо өнөктүгү кандай жүрүп жаткандыгын байкоого алып, облустардагы мамлекеттик администрациялардын шайлоо боюнча ишмердигине да көз салып, шайлоо процессинин учурунда шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын уюштурууну, ошондой эле административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу жана шайлоону өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо негизги тапшырмалардын бири экенин баса белгиледи.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров ИИМдин кызматкерлерине шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартиптин бекем сакталышы боюнча кошумча тапшырмаларды койду. Аны менен катар коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын укугун сактоо багытында ИИМ учурдун талаптарына жараша өз убагында ыкчам чараларды көрүп жаткандыгын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров ИИМдин Басма сөз кызматынын ишмердүүлүгү менен да жакындан таанышып, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө басма сөз кызматынын негизги багыттары менен кеңири таанышты. Басма сөз кызматынын студиясы, социалдык түйүндөр менен иштөө принциптери, техникалык жабдуулары жана ар тараптуу багыттарына байкоо жүргүздү. Ал коомубузда айрыкча ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгы, элге жакындыгы, адам укуктарынын сакталышы сыяктуу маанилүү приоритеттерге өзгөчө көңүл буруу менен бирге интернет мейкиндигиндеги бардык басылмалардын, басма сөз каражаттарынын, социалдык түйүндөрдүн коомдук тартипти сактоо багытындагы суроо-жоопторуна, ар кыл чакырыктарына карата маалыматтарынын акыйкаттыгын ыкчам камсыз кылуу багытында жогорку денгээлде иш жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы