«Шайлоо күтүлгөндөй эле тынч өтүп жатат. Бишкекте шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн. Бул 2021-жылдагы шайлоодо паракорчулук, карусель жана административдик ресурстун жоктугу менен байланыштуу. Бирок ага карабастан калктын аң-сезимдүү бөлүгү добуш берүүгө катышты. Былтыркыга салыштырмалуу бул жолку шайлоого жаштар көбүрөөк катышып жатканын байкадым”, — дейт саясат таануучу Марс Сариев.

Анын айтымында, Кыргызстандын аймактарынан шайлоо мыйзамдарынын одоно бузулушу тууралуу кооптондурган билдирүүлөр жана маалыматтар жок.

«Менин оюмча, баары ойдогудай өтөт, эч кандай аша чабуу жана туруксуздаштыруу аракеттери болбойт. Бийлик эч кандай паракорлук, басым жана административдик ресурс болбошу үчүн процессти тыкыр көзөмөлдөп турду.

Ошондуктан мен ойлойм, бул эч кандай нааразылык потенциалы жок биринчи жолу парламенттик шайлоо болуп жатат. Албетте, жекече мыйзам бузуулар бар, бирок бул жарандардын эркин билдирүүсүнө таасирин тийгизбеген обочолонгон учурлар. Пара алуу фактылары аныкталып, алар боюнча чаралар көрүлдү», — деди эксперт.

Сариев белгилегендей, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо тынч, объективдүү, таза, ачык-айкын, административдик ресурс колдонулбай өтүүдө.