Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Автоматтык эсептөөчү урналардан (АСУ) алынган маалыматка караганда, парламентке 6 партия өттү.

Белгилей кетсек, АСУ эсеби шайлоонун акыркы жыйынтыгы катары эсептелбегендиктен маалымат толукталып турат. Учурда добуштардын 88,29 пайызы саналып бүттү.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтынан алынган маалымат боюнча Жогорку Кеңешке 10 партия өткөн. Бирок мекеменин сайтында мүчүлүштүк болуп, эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү маалым болду.

Жаңы болжолдуу жыйынтык боюнча тизме:

  1. «Ата-Журт Кыргызстан» (17,4%);
  2. «Ишеним» (13,7%);
  3. «Ынтымак» (10,95);
  4. «Альянс» (8,35);
  5. «Бүтүн Кыргызстан» (6,75);
  6. «Ыйман нуру» (6,04.)