Парламенттик шайлоодо добуш берүү убактысы аяктагандан кийин — саат 20:00дөн кийин БШКнын расмий сайты иштебей калды. Бирдиктүү округ боюнча алгачкы маалыматтар 100%дан ашканын көрсөтүп, андан кийин сайттагы маалыматтар көрүнбөй калган.
Бир аз убакыттан кийин кайра ишке кирген сайтта башка сандар чыгып калды. Алгачкы маалыматтарда 10 партия 5 пайыздык босого баллдан өткөнү көрүнгөн болчу. Ал эми сайт кайра иштеп баштагандан кийин партиялардын саны 6 болду.
Булак: Акипресс сайты