Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу комментарий берди. 28-ноябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып
Шайлдабекова негизги системада үзгүлтүк болбогонун, эч кандай зыян тийбегенин айтты:
“Системанын эки таблицасын көрө алдыңыздар.

Негизги таблицасы ичинде, ал жерде участоктордон келип түшүп жаткан маалыматтар.

Сырткы визуалдаштырууга сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн сыртына да кыскартылган таблица түзүп бергенбиз.

Ошол таблицада 7 деген позиция 7А деген позиция менен кыска мөөнөткө кошулуп калды.

Тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула кичине туура эмес көрсөтүлүп калды.

Бирок тышкы таблица системанын бөлүгү эмес. Системаны ыңгайлуу форматта чагылдыруу үчүн гана жайгаштырылган ошол жерге.
Бул жерде эч кандай зыян жок”.

Шайлдабекова автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгы алдын ала гана жыйынтык экенин кошумчалап, ал юридикалык мааниге ээ эмес экени мыйзамда көрсөтүлгөнүн, бирок кол менен эсептөөнүн жыйынтыгынан көп айырма болбосун белгиледи.

Бүгүн 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү.

Добуш берүү аяктагандан кийин Боршайкомдун сайтында автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алдын ала алынган маалыматтар жарыялана баштады. Анда кайсы партия канча добуш алганы көрсөтүлүп, маалымат улам жаңыланып жатты.

Бирок болжол менен жарым сааттай убакыт сайттын ошол баракчасы актай турду жана жаңылангандан кийин пайыздык көрсөткүчтөрдөн айырма чыкты.

Айрым партиялар ага чейин 5% босогодон өткөн болсо, жаңылоодон кийин ага жетпей калды. (RK)

Булак: Азаттык радиосу