Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ачык-айкын, ишенимдүү жана демократиялуу өттү деп тааныды. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде ШКУнун башкы катчысынын орун басары Ерик Ашимов билдирди.

Анын айтымында, миссияга илимий, мыйзам чыгаруу жана шайлоо ведомстволорунан, ШКУ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлдөрү жана ШКУ катчылыгынын кызмат адамдарынан жалпы 19 байкоочу катышты.

“Биз өз ишибизде президенттик жана парламенттик шайлоолордо, ошондой эле референдумда ШКУнун байкоочуларынын миссиясы жөнүндө жобону жетекчиликке алдык. Ошону менен бирге саясий бейтараптуулуктун, объективдүүлүктүн жана мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөөчүлүктүн принциптерин, КР Улуттук мыйзамдарын так сактоо менен ЖК депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын иштелип чыккан иш программасына ылайык өз ишин жүргүздү иш жүргүздүк”, — деди ал.

Муну менен катар Эшимов байкоочулар миссиясы КР БШКнын жетекчилиги, катчылык, аймактык, шаардык жана райондук шайлоо тилкелеринин мүчөлөрү, жергиликтүү байкоочулар, ЖМК өкүлдөрү жана эл аралык байкоочулар менен бир катар жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи.

Ал миссиянын мүчөлөрү тилкелик шайлоо комиссияларын ачууга, АСУ мөөр басуу, ошондой эле шайлоо участкаларын жабууга жана добуштарды эсептөөгө катышканын кошумчалады.

“Белгилей кетүүчү жагдай миссия Бишкекте гана эмес аймактарда дагы байкоо жүргүздү. Ошентип, миссиянын мүчөлөрү өз каалоолору менен 120 шайлоо тилкесинде болушту. Мамлекеттик жана башка органдар тарабынан эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Документалдык жана маалыматтык сурап-билүү документациясы толук көлөмдө көрсөтүлдү”, — деди ШКУнун башкы катчысынын орун басары.

Жыйынтыгында Ерик Ашимов болуп өткөн шайлоо боюнча миссиянын корутундусун белгилеп кетти.

“Шайлоо ачык-айкын, жарандык коомчулуктун активдүү катышуусу менен өттү. Шайлоонун мыйзамдуулугуна шек келтирген КР шайлоо мызамдарынын нормаларын бузуу катталган жок. ШКУ байкоочулар миссиясы ЖК шайлоосун ачык-айкын, ишенимдүү жана демократиялуу өттү деп тааныды”, — деп сөзүн жыйынтыктады ал.