Жогорку Кеңешке Ош Төлөйкөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин койгон Шайлообек Атазов Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жазды.

Анын айтымында, аталган шайлоо округунда одоно мыйзам бузуулар катталган, тиешелүү видео, аудио жазуулар бар.

“Биз сотко беребиз!

Урматтуу калайык калкым! Кымбаттуу шайлоочулар! Кечээ күнү өткөн шайлоодо мага добуш берген ар бириңиздерге терең  таазим кылам. Сиздер мени таза ниет, аруу сезим менен шайладыңыздар. Келечектен үмүт кылдыңыздар. Бирок,  Ош Төлөйкөн #8 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү. Бул боюнча бизде тиешелуу видео, аудио запистер, фактылар бар. Элибиздин аруу тилектерин тебелешти! Мага добуш берген 17 миңге чукул  карапайым элимдин ар бир добушу үчүн күрөшөм! Акчасына чиренген, көзүн май баскан талапкерлер!!! Президентибиздин таза шайлоо болсун деген жарлыгын, элибиздин аруу тилегин эске алышкан жок! Түнү менен мага телефон чалган шайлоочуларым сабыр кылып туруңуздар! Биз мыйзам чегинде күрөшөбүз!”