Алдын ала жыйынтык боюнча, парламенттик шайлоого чет жактагы Кыргызстандын 9 миң 826 жараны катышты, башкача айтканда, бул көрсөткүч 11,67 пайызды түзөт. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 84 миң 128ди түздү.

Биринчи жолу өлкөнүн саясий системасында шайлоочулар бюллетенде саясий партияны жана партиянын тизмесинде талапкерди жана көз карандысыз талапкерди шайлай алышты.

Бул максаттарда чет жерлерде 29 чет мамлекетте 59 шайлоо участогу ачылды, алардын ичинен 10 шайлоо участогу төмөнкү шаарларда быйыл жаңы ачылды:

1) Россия Федерациясында – Хабаровск, Краснодар, Томск, Казань, Самара шаарларында.

2) Түркия Республикасында – Анталья шаарында.

3) Америка Кошмо Штаттарында – Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында.

4) Италия Республикасында – Кальяри (Сардиния аралы) шаарында.

5) Венгрияда – Будапешт шаарында.

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары түзүлгөн КРнын шайлоо участоктору жалпысынан тийиштүү деңгээлде уюштурулган.

Шайлоонун жүрүшүндө биометрикалык маалыматынын же консулдук каттоосунун жоктугунан добуш бере албай калган учурлар катталган, алар Дубай жана Томск шаарларындагы тилкелеринде болгон жана жоопкерчиликтүү кызматкерлер тарабынан түшүндүрмө иштери жүргүзүлгөн, ошондой эле добуш берүү боюнча жабдуулардын (жарандарды идентификациялоо үчүн, АСУ-башкаруунун автоматтыштырылган системасы) техникалык жактан аз убакытка бузулушуна байланышкан айрым учурлар гана катталды.

Маалымат катары: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн жарандар чет өлкөдө шайлоочулардын тизмесине киргизилген.

Жакынкы күндөрү дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен, ошондой эле санитардык-карантиндик чектөөлөргө байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоо документтерин, жабдууларды Кыргызстанга кайтарып келүү күтүлүүдө.

Министрлик өлкө чегинен тышкары аймактарда жашап, иштеген КР жарандарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого активдүү катышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет жана Кыргызстандын аймагынан сырткары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жогорулатууга багытталган тиешелүү иштерди мындан ары да уланта берет.