Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги социалдык тармактарда тарап жаткан 2021-жылдын 28-ноябрында Москва шаарындагы УШКларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо алардын ордуна Кыргыз Республикасынын башка жарандары добуш берди деп «Марс Жумакадыров» жана анын тааныштары билдирип жаткан видео боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Жарандардын билдирүүсү жалган маалыматка негизделген провокация болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Москва шаарында түзүлгөн алты УШКнын шайлоочуларынын тизмесине бул жарандардын бири да кирбегендигин билдиребиз. Ошондуктан бул жарандар шайлоого катыша алган жок. Москвадагы алты шайлоо участогунун биринде да бул видео боюнча шайлоочулардан же көп сандагы байкоочулардан бир дагы жазуу жүзүндөгү кайрылуу түшкөн эмес. Москвада шайлоолор Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык катуу тартипте өттү.

Өз кезегинде Элчилик бул видеону тартып, социалдык тармактарга тараткан жарандарды аныктады.

Белгилей кетсек, Элчилик Марс Жумакадыров менен телефон аркылуу байланышканда, ал видеого тартылып калган өзүнүн билдирүүсүн четке какты. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө ал өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, чындап эле консулдук эсепте турбагандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, жалган жана чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарын коомду туруксуздаштырууга жана бөлүп-жарууга багытталган каралоочу маалыматтарды таркатпоого чакырат.