“Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияровду жакындары эки күндөн бери издеп жатышат. Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Мирлан Мамытов билдирди.

Анын айтымында, кечээ кечинде издөөгө милиция кызматкерлери кошулган. Алар саясий бирикменин штабына келишип, саясий уюмдун мүчөлөрүнөн түшүнүк каттарды алышты.

«Мен Мирбек Мияровду акыркы жолу көргөм. Ошол күнү ал добуш берди, процессти видеого тарттым, ал жарыялоону суранды. Анан ал унаасына отуруп кетип калды. Анын жоголушуна эч кандай шарт жок болчу. Ал жалгыз болгон, аны коштоп жүргөн жансакчылары да жанында жок болчу. Балким, ушундай болорун билсе, жалгыз баспайт беле. Бизде ар кандай версиялар бар, так варианты жок. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышпагандыктан, алар аны уурдап кетиши мүмкүн деп айта албайбыз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да анын кармалганын четке кагууда. Ага чейин аны суракка алып кетишкен деп ойлоп, милицияга кайрылган  эмеспиз. Кечээ ЖМКларда жоголгон факты жарыялангандан кийин милиция бул факты боюнча иликтөө иштерин баштады», — деди Мирлан Мамытов.

Ал ошондой эле милиция кызматкерлери Мирбек Мияровдун үйүнө келип, анын үй-бүлөсүнөн дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, “Ордо” партиясынын лидери 28-ноябрда саат 15:00 чамасында ЖКда парламенттик шайлоодо добуш берүүдөн кийин дайынсыз жоголгон.