Кеткен мүчүлүштүк шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасирин тийгизбейт. Мындай пикирин БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ката серверден кеткен жок. Боршайкомдун IT адистери кошумча сайтты иштетебиз деп жатып, мүчүлүштүк кетиришкен.

«Ал сайт жаңы ачылганы же мурда бар беле билбейм. Ошондо бир таблицанын формуласынан ката кеткен экен. Биздин  негизги сайт иштеп эле жатат, сервер иштеп жатат», — деди ал.

Боршайком мүчөсү анын шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасири болбой турганын билдирди. Айтымында, азыр тилкелик шайлоо комиссиялары бюллетендерди санап бүтүп, протоколдорду тапшырып жатышат. Негизги жыйынтык добуштар кол менен саналып бүткөндө чыгат.

«Бардыгы ачык-айкын эле болду. Ишенбөөчүлүк жаралып жатса, ар бир тилкеде саясий партиялардын байкоочулары отурат. Ошолордун колундагы протоколдор менен деле санап койсо, эч кандай маселе жок», — деди Жылкыбаев.

Булак: «Марал» радиосу