«Ордо» саясий партиясынын лидери Мирбек Мияровдун жубайы милиция кызматкерлеринен аны издөөнү токтотуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин кызматкерлери барып, Мирбек Мияров 2021-жылдын 28-ноябрында саат 15:00дөр чамасында шайлоо тилкелеринин биринен чыгып, андан соң унаасы менен белгисиз тарапка кеткен бойдон байланышка чыкпагандыгы тууралуу алгачкы маалыматтарды алган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын автоматташтырылган маалыматтык системасынын журналына катталган.

«Көп өтпөй Мияровдун жубайы милицияга күйөөсүн издөөнү токтотууну жана эч кимге дооматы жоктугун өтүнүп кайрылган», — деп билдиришти Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан.

Мирбек Мияров 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого ат салышкан «Ордо» партиясынын лидери. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.