Бишкекте муз тебүү боюнча «Мэрдин кубогу» өтөт
1-декабрдан 3-декабрга чейин шаардык муз тебүү аянтчасында балдар, жаштар жана чоңдор арасында муз тебүү боюнча Бишкек шаарынын “Мэринин кубогу” эл аралык турнири өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 90дон ашык спортчу катышат.
Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Коньки тебүү федерациясы менен биргликте уюштурууда.
Белгилей кетсек, турнир Кыргыз Республикасында көркөм муз тебүүнү жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана өлкөнүн мыкты муз тебүүчүлөрүн аныктоо максатында өткөрүлүүдө.
Маалымат үчүн:
Ачылышы: 1-декабрь 2021-жыл, саат 16:00.
Дареги: Шаардык муз тебүүчү аянтча, Виноградная көчөсү 1/3