Бүгүн, 30-ноябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаар тургундарын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Калаа башчынын жеке кабыл алуусунда болгон жарандардын басымдуу бөлүгү турак-жай, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга камкордук, муктаждарга материалдык жардам, талаштуу жер тилкелеринин айланасындагы маселелер менен кайрылышты.

Мэр ар бир арыз менен кенен таанышып, жарандардын суроолоруна жооп берилди. Вице-мэрлерге, тийиштүү тармактардын жетекчилерине тапшырмаларды берди. Ошондой эле мында көтөрүлгөн ар бир иш жеке көзөмөлүндө болоорун кошумчалады.