Бишкекте 8-кабаттын батирдин балконунан 2000-жылы туулган кыз секирип, өз өмүрүн кыюууга аракет кылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Манас проспектисинде жайгашкан №41 үйдөн секирүүгө аракет кылган кыз менен ИИМ кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен куткарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Штаб, ИИМ жана тез жардам кызматкерлери тартылган.