Нарын облусунун башчысы Сабыркул Ашимбаевдин уюштуруусу менен калктын аялуу катмарына акысыз көмүр таратыла баштады. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-ноябрдан тартып алдыдагы Эл аралык майыптар күнүн утурлай Нарын шаарындагы майыптыгы бар жарандардын үй-бүлөлөрүнө 15 кап, же 750 кг көмүр отуну акысыз таратылып жатат.

«Башка жылдардан айырмаланып көмүр жүктөп кетүүдөгү ыңгайсыздыктарды жоюу максатында быйыл көмүр отуну шаардын ар бир чөлкөмүнө кезеги менен жеткирилет. Бүгүн шаардын Чыгыш чөлкөмүнө (Московский, РТС аймактарына) 50 тонна көмүр түшүрүлүп, 66 үй-бүлө көмүр отуну менен камсыздалды», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, жакын арада 500 тонна көмүр алып келинип, облустун бардык аймактарындагы аз камсыз, колдоого муктаж үй-бүлөлөргө жеткирилет. Мындан сырткары “Кум-Төр” компаниясы аркылуу да өнөктөш катары көмүр отунунан колдоолор болоору күтүлүүдө.

Облус жетекчиси калктын аялуу катмары менен жолугушууда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүрдөн сырткары азык-түлүктөн жана кабаттуу үйдө жашагандарга жылуулук үчүн материалдык жардамдар да көрсөтүлөөрүн маалымдады.