Жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана айыл өкмөт башчыларына үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ресурстарды эсепке алуу менен жергиликтүү бюджетти түзүүнүн жолдору түшүндүрүлдү. Окутуу «Инновациялык чечимдер» коомдук бирикмесинин гендердик сезимтал бюджетти түзүү боюнча тренингинин алкагында уюштурулган.

Уюштуруучулардын айтымында, тренинг жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүгүү программаларында да, бюджеттерде да ресурстарды камтууга багытталган, анын чыгаша бөлүгү жергиликтүү деңгээлде зордук-зомбулуктун азайышын алдын алууга жумшалат.

«Биз мониторинг жүргүзүп, жер-жерлерде адамдар юридикалык, психологиялык, медициналык жана башка жардамга кайрылууга мүмкүнчүлүк таппай калган көптөгөн учурларды аныктадык. Жергиликтүү деңгээлде зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча чаралар жетишсиз жүргүзүлүүдө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кеңештер, бюджеттик комиссиялар бул маселелерди социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында жана бюджеттерде эске алышпайт.

Улуттук деңгээл жөнүндө сөз кылганда, биздин күткөнүбүз кандай – булар Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзамдар, саясатты, программаларды иштеп чыгуу, бирок зордук-зомбулуктун өзү да, бардык программалар, пландар, мыйзамдардын стратегиялары жергиликтүү деңгээлде ишке ашат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Мунун баары жол-жоболоштурулган, тактап айтканда, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо мыйзамында коргоо жана сактоо субъекттери болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, анын ичинде айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү кеңештер саналат деп жазылган. Зордук-зомбулук жөнүндө мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджетти каржылоо боюнча чечимдерди иштеп чыгууда жана кабыл алууда, ресурстарды бөлүштүрүүдө үй-бүлөлүк зомбулук маселелерин эске алуусун талап кылат”, — деди “Инновациялык чечимдер” коомдук бирикмесинин төрайымы Анара Ниязова.

Тренингдин жүрүшүндө «Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 27-беренесине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чаралары жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешелүү экендиги түшүндүрүлдү. Нормативдик мыйзам алкагы бар, бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул көйгөйгө жетиштүү көңүл бурушпайт. Ошондуктан калктын муктаждыктарын аныктоону, аларга артыкчылык берүүнү үйрөнүү зарыл.

Тренингдин катышуучуларына үй-бүлө мүчөлөрүнө карата үй-бүлөлүк зомбулукту кантип таануу керектиги, зордук-зомбулуктун бир нече түрлөрү – психологиялык, финансылык, физикалык жактан болушун айтып беришти. Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылгандардын 90%дан ашыгы аялдар экени айтылды. Өлкөдө республикалык деңгээлде ар кандай чаралар көрүлүүдө, жергиликтүү деңгээлде да чаралар көрүлүшү абдан маанилүү.

«Эгерде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда ал аялдардын алган жаракаттарынын, майыптыктардын натыйжасында эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөн болот, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жана социалдык программаларга чыгымдарды жогорулатат. Үй-бүлөдөгү зомбулуктун чыгымы боюнча изилдөө жүргүздүк, ар бир жабырлануучуга 1,5 миллион сомдон ашык каражат кетет. Алдын алуу жөнүндө айта турган болсок, анда бул алдын алуу иш-чараларын аныктоого жана жүргүзүүгө бир топ азыраак чыгымдар кетет, — дейт Анара Ниязова.

Катышуучулар бул ишке жергиликтүү деңгээлде аксакалдар соттору, аялдар кеңештери тартылып жатканын, бирок жергиликтүү деңгээлдеги тиешелүү институттук органдар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жана сактоо маселелери менен алектениши үчүн ресурстарды бөлүү маанилүү экенин белгилешти.

Гендердик-сезимтал мааниге ээ бюджеттерде ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жабырлануучуларды эң керектүү буюмдар менен камсыз кылуусу, аларды баш калкалоочу жайга алып баруусу, жакынкы кризистик борборго алып баруусу үчүн калктын социалдык аялуу катмарынын муктаждыктарын эске алышы керек жана бул үчүн акча бөлүнүшү керек. Ошондуктан, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын бюджетти талдап, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу үчүн мыйзамдык мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алышы үчүн алардын потенциалын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.